Датасы: 21.02.2023
Формат: mp3

Жаратканым мага энчилеп
Белек кылып берген балапанымсың
Жарык айдайым ишене албаймын
Сен жок кезде билбейм кантип жашадым

Кайырма:

Эркетайым менин эркетайым
Маңдайымда жүрчү сен ар дайым
Балапанымсың менин көктө жылдызым
Бакыт мага түгөнгүс сенин кылыгың

Кандай бакыт жанымда барың
Жыттап алып сени кубаттанамын
Күндөй жайнасаң апоу деп айтсаң
Ал ансайын ачылат менин асманым

Кылыктарың сонун эркелеп
Сөздөрүң таттуу тартат өзүнө
Күлгөнүң сулуу көздөрүң нурлуу
Жаратканым бакытты берсин өзүмө

Кызсайкал Кабылова — Балапаным тексти: 6 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *