Ким үчүн билбей келем буулукканым,
Күн санап күтүп келем буйрук таңын.
Ызага көңүлүмдү кайра бөлөп,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.
Сунса да тагдыр мага кылычтарын,
Сыноонун ачуу даамын унутканмын.
Ыраакы мезгилдерди эске салып,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.
Өчүрбөй жагып улам үмүт шамын,
Өзүмдү өзүм алдап жылытканмын.
Ыйлашар жүрөктөрдүн жолу башка,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.
Эмил Балтагулов — Ыйлабачы, булуттарым тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 371