Датасы: 09.11.2025
Формат: mp3

Жүрөгүмдөн жүрөгүңдү коздогом
Сапар алдым эң бактылуу кезге мен
Үмүт үздүм сени көрүп өзгөлөрдөн

Өзгөрбөйм бул калыбымдан сөз берем
Күйүт кечтим эч качанда кечпеген
Бул сезимдей эч бир сезим сезбегем мен

Кайырма:
Мөлдүрөгөн сенин жанарың
Түнкү сулуу калааның
Жанып турган шамдарыңдай
Сени алгач көргөн кезимде
Ашык болуп калгамын ай
Миң каранын ичинен менин
Тандап алган аппагым
Жылуу сезимиң берген
Сенсиң менин ак таным
Сени көрүп аппагым
Издеп жүрүп тапканым ай

Бактылуулук сени менен башталган
Күнүм өзүң жарык чачкан асмандан
Сезимине кату кату мас болгом мен

Бул жүрөгүм мендик сенин турагың
Күлгөнүңдү жылдыздардан курадым
Сендей жанды колду жайып сурадым мен

Кайырма:
Мөлдүрөгөн сенин жанарың
Түнкү сулуу калааның
Жанып турган шамдарыңдай
Сени алгач көргөн кезимде
Ашык болуп калгамын ай
Миң каранын ичинен менин
Тандап алган аппагым
Жылуу сезимиң берген
Сенсиң менин ак таным
Сени көрүп аппагым
Издеп жүрүп тапканым ай

Мөлдүрөгөн сенин жанарың
Түнкү сулуу калааның
Жанып турган шамдарыңдай
Сени алгач көргөн кезимде
Ашык болуп калгамын ай
Миң каранын ичинен менин
Тандап алган аппагым
Жылуу сезимиң берген
Сенсиң менин ак таным
Сени көрүп аппагым
Издеп жүрүп тапканым ай

Миң каранын ичинен менин
Тандап алган аппагым
Жылуу сезимиң берген
Сенсиң менин ак таным
Сени көрүп аппагым
Издеп жүрүп тапканым ай

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *