Жарыкка көз жарганда эң оболу,
Толгонуп канча жашы корободу.
Кызыл эт балапандай баланы алып,
Калтаарыбай киндик кескен эне колу.
Кайырма:
Үзүлбөй келечектен күткөн ою,
Үйрөтүп, үзүр көрүү өмүр бою.
Эмгектеп, талпынып жаңы баскан мезгилинде,
Тай-тайлап жетелеген эне колу.
Эзилип эт жүрөгү эчен жолу,
Аластап тийбесин деп эч бир ооруу.
Айланып түн уктабай, азап тартып,
Ак сүтүн эмизген да, эне колу.
Кайырма:
Гүлдөтүп мээрим менен талаа-тоону,
Кең салып, чаап берген турмуш жолун.
Жашоонун үрөнүн сээп, өмүр улап,
Чарчабай эмгектенген эне колу.
Кайырма:
Мирбек Атабеков — Эне колу тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 1658