Датасы: 13.02.2025
Формат: mp3

Кыйын күндө бирге болгуң ардагым
Өзгөлөрдү укпай бир өзүңдү тандадым
Миң күрөшүп сүйүүм үчүн
Сездире алган сүйүү күчүн
Мен өзүмдү түбөлүккө сага арнадым

Кайырма
Бир бололу жөлөк болуп бири-бирибизге
Соолутпайлы мээрим төгүп сүйүү гүлүбүзгө
Сен барда жанымда жетебиз баарына
Эч бир жан тоскол боло албайт биздин сүйүүбүзгө

Жүрөгүмдүн ар бир соккон дүрсүрүн
Бир өзүң деп тынбай согор билсең күн түнү
Ар бирибизге жөлөк болуп жалынганда жөлөк коюп
Сактайлычы бизге берген таза сүйүүнү

Кайырма
Бир бололу жөлөк болуп бири-бирибизге
Соолутпайлы мээрим төгүп сүйүү гүлүбүзгө
Сен барда жанымда жетебиз баарына
Эч бир жан тоскол боло албайт биздин сүйүүбүзгө





Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *