Датасы: 08.10.2020
Формат: mp3

Муздак кадамым,
Жолуң издеп, жолукканда кандай пайда табамын?
Алыс карааның,
Сагынамын, бүтпөй келет арманым.
Жолуккан бактым,
Айтчы, неге соолуп калды гүлү күткөн таңдардын?
Тарттым азабым,
Табышкан күндөрүм билбей жалганын.
Кайырма:
Арманым,
Сага жете албай калып зар болдум.
Айласыздан таппай келем жолдорум,
Жүрөк ыйлап, сенсиз жалгыз калдым, жаным.
Кеттиң теңебей,
Сүйүүм күчөп таарынамын, тагдыр, себебин билбей.
Балким, сен мендей,
Жүргөндүрсүң күтүп сүйүүңдү сезбей.
Элесиң кетпей,
Оюм жетип, бирок, жаным, сага бир өзүм жетпей.
Жүрөктөн эңсей,
Жашап келем үмүт менен сени эстей…
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *