Датасы: 09.10.2020
Формат: mp3

Уйгу-туйгу болот, ай, менин жүрөгүм,
Уйкусуздан мен байкуш сени күтөмүн.
Аман-эсен төрөлсө, бөбөк көз жарса,
Кубанычтын отуна мен чоң бөлөнүп.
Кайырма:
Энекелер, ай, эжекелер, ай,
Силерсиңер өмүр жыргалы.
Энекелер, ай, эжекелер, ай,
Силерсиңер жашоо жыргалы.
Бөбөктөргө кошулуп бөбөк төрөлдү,
Биздин дагы үй-бүлө шатка бөлөндү.
Кубанычтуу күлкүгө күлкү уланып,
Мына бүгүн бешикке бөбөк бөлөндү.
Кайырма:
Энекелер, ай, эжекелер, ай,
Силерсиңер өмүр жыргалы.
Энекелер, ай, эжекелер, ай,
Силерсиңер жашоо жыргалы.

Один комментарий к “Ирлан Таалайбеков — Энекелер, ай тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *