Датасы: 14.03.2025
Формат: mp3

Келишкен бийкеч болупсуң гүлүм
Көктөгү айдай толупсуң гүлүм
Кездешпес кезде кездешип саган
Жолукпас жерде жолуктум бүгүн

Керилип бастың маралдай болуп
Колумдан муштап калаардай болуп
Кузгу алып бери корунуп калдым
Кол жеткис ташы аралдай болуп
Аралдай болуп
Аралдай болуп

Кайырма:
Кайырмактан салсам жулунуп кетти
Бурулбай ары бурулуп кетти
Кайырмактан салсам жулунуп кетти
Бурулбай ары бурулуп кетти

Неге сен десем көңүлүм ыр куш
Жүрөгүм сыздайт толгоноор укмуш
Сезимдер жокко мен үчүн сенде
Турмушта болбос мендеги турмуш

Тоомдо марал талаамда жалгыз
Көңүлүм гүлдөп күмөндүү жалгыз
Күбүрлөп гана айтамбы эми
Кошоксуз жарсыз каламбы жалгыз
Каламбы жалгыз
Каламбы жалгыз

Кайырма:
Кайырмактан салсам жулунуп кетти
Бурулбай ары бурулуп кетти
Кайырмактан салсам жулунуп кетти
Бурулбай ары бурулуп кетти

Келишкен бийкеч болупсуң гүлүм
Көктөгү айдай толупсуң гүлүм
Кездешпес кезде кездешип саган
Жолукпас жерде жолуктум бүгүн

Керилип бастың маралдай болуп
Колумдан муштап калаардай болуп
Колго алып бери корунуп калдым
Кол жеткис ташы аралдай болуп
Аралдай болуп
Аралдай болуп

Кайырма:
Кайырмактан салсам жулунуп кетти
Бурулбай ары бурулуп кетти
Кайырмактан салсам жулунуп кетти
Бурулбай ары бурулуп кетти

Кайырмактан салсам
Бурулбай ары бурулуп кетти
Кайырмактан салсам
Бурулбай ары бурулуп

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *