Эй, кара көз татынам,
Ой, кара көз татынам.
Келчи бери тартынба,
Келчи бийге чакырам.
Ой, кара көз татынам,
Кантип сырым жашырам.
Сыласам дейм бий бийлеп,
Сенин кара чачыңдан.
Бий бийлесем сен менен,
Ийе кармап белиңден.
Уккум келет астыртан,
Шыбыраган кезиңден.
Шаттыгыңа бөлөчү,
Кубанычка бөлөчү.
Сүйкүм назик жүзүңдү,
Көкүрөккө жөлөчү.
Келчи шыдыр жөнөчү,
Келчи шыдыр жөнөчү.
Бий бийлешкен жигиттин,
Көккө жетсин төбөсү.
Апаз Жайнаков — Бийге чакыруу тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 1047