Сүйүү бир келет, сактай албадык,
Ак сүйүүнүн ишеничин актай албадык.
Кимде күнөө, кимде өкүнүч, тактай албадык.
Кайырма:
Элдешели, кел дешели,
Жарашалы, жарашалы, кечиришели.
Болдуң башканын сүйүмүш, жары,
Мен таппадым жараатыма болчу бир дары.
Кайта өзүмө, бол кайрадан сүйүү мунарым.
Кайырма:
Не бир сөз айтып, неден таарынттым?
Кайра түзүп, кайра жазам сүйүү тарыхын.
Кайталабай каталарын, чийип баарысын.
Кайырма:
Кыздаркан Келдибекова — Элдешели тексти
Датасы: 11.10.2020 Көрүүлөр: 902