Асман жашын төккөн, маанайым да чөккөн,
Эстен кетпей эски тагдырым.
Арзуум эми алсыз, арман каптап сансыз,
Убакыттын сезбей аздыгын.
Кайырма:
Ажырап эгиз жол эки жакта,
Карааның бир кайрылбастан кетип жатса.
Сен мага каласың баягыдай,
А менчи, мен сага эми, эми башка.
Болгону бир үмүт, маңдайымда күлүп,
Көз алдыма келчи айланып.
Күн да азап менен, түн да азап менен,
Калдым сенсиз муңга байланып.
Кайырма:
Аваз Акимов — Эми башка тексти
Датасы: 11.10.2020 Көрүүлөр: 1344
Аваз Акимовдун ушул ыры аябай жагат.