Датасы: 17.11.2020
Формат: mp3

Ысысаң чалкыган мен көл болоюн
Үшүсөң эшемек кум чөл болоюн
Өйдөдө өбөк болор бел болоюн
Саамайын кытыгылар жел болоюн

Кайырма:

Не болсоң бир өзүңө тең болоюн
Чалыксаң эс алдырар дем болоюн
Таарынтып капалантса кимдер бироо
Ыр ырдап көңүл ашчу мен болоюн

Нөшөрлөп жамгыр болуп төгүлөйүн
Ойлонсоң саанан болуп чөмүлөйүн
Тажасаң баардыгынан сен чалыксаң
Бейиште гүл зар болуп көрүнөйүн

Шиберди араласаң шүдүрүмдүн
Гүл терсең сага керек мен бурунмун
Жаркыным мени карап күлүп койчу
Эч жерге таштап кетпес тун сүйүүңмүн

Суу ичсең тамчы болуп чачырайын
Ай болсоң көктөн карап ашыгайын
Уйкудан эртең менен уктап жатсаң
Жел болуп ойготуга шашылайын

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *