Датасы: 11.10.2020
Формат: mp3

Жаш элем эч нерсени ойлобогон
Күн эрте эч санааны ойлобогон
Уядан кетсем дагы канат кагып
Өзүңдөй камкор ата болбойт мага
Атаке чертип сезим толкундарын,
Жүрөктү кубанычка толтурасың.
Алдыга максат коюп колум сунсам,
Артымда аскар тоодой сен турасың.
Бул күндө мен өзүңдүн сыймыгыңмын,
Мен сүйгөн бир адамдын ынагымын.
Кубан сен, кубана бер атакебай
Мен сенин өмүрүңдүн жарыгымын.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *