Көрүнүп калсаң көчөдөн (о-о-о),
Көбүнчө эле ага жетсем деп.
Көнсө бир менин тилиме (э-э-э),
Көкөлөп (а) учуп кетсем дейм.

Көрүнүп калсаң алыстан (а-а-а),
Ашыгып ага жетсем дейм.
Алса да бир менин тилимди (и-и-и),
Алыска эле учуп кетсем дейм.

Ак туйгун сенсиң таптагы (ы-ы-ы),
Ак кептер (а) менмин бактагы (ы-ы-ы).
Абайлап үзүп аларга (а-а-а),
Ак алма эле болсоң шактагы.

Эки жаш бирге болбосо (о-о-о),
Эригип (а) күндөр өтөбү?
Эриктүү ушул турмушта (а-а-а),
Эркелеп (а) жыргап өтөлү.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *