Датасы: 11.10.2020
Формат: mp3

Алоолоп желбиреген кызыл желек,
Атабыз эр Манастан келген белек.
Эл ичин бузгандарга каар төгүп,
Эмгекти сүйгөндөргө тынчтык берем.

Жаркылдап келечеке байрак болуп
Жеңиштен, жеңиштерге алып келем.

Алоолоп желбиреген кызыл желек,
Атабыз эр Манастан келген белек.
Асмандан тийип турган жарык күндөй
Ааламга акыйкаттын нурун себем.
Ар дайым адилеттин себесиндей
Алсызга кубат берем, шаңга бөлөп.

Алоолоп желбиреген кызыл желек,
Атабыз эр Манастан калган белек.
Элимди эркиндиктин жолу менен
Ээрчитип алга карай бара берем.
Элимди ынтымактын жолу менен,
Ээрчитип алга карай бара берем.

Элимди биримдиктин жолу менен
Жеңиштен жеништерге алып келем.






Токон Эшбаев — Кызыл желек тексти: 12 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *