Датасы: 11.10.2020
Формат: mp3

Эстеп, эстеп өткөн мезгил сабагын,
Ачкым келет ал күндөрдүн барагын.
Көздөп жүрүп максаттарга жетсем деп,
Келчү дайым эл ишине жарагым.
Адамдарда үмүт жашайт үзүлбөй,
Жакшылыктын жарык турган изиндей.
Терең ойлор келген менен сезимге,
Жүрөт тура бакыт бизге сезилбей.
Мезгил деген учкан куштай, жеткирбес,
Көңүлдөрдүн көксөөсүнө кеч кирбес.
Алыс калган тунук кыял жаштыгым,
Ал мен үчүн өмүр бою эскирбес.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *