Датасы: 12.10.2020
Формат: mp3

Бузуктун түшкөнүнө түшпөйлүкчү
Бузулбас ынтымакты издейликчи
Бугуну сарбагыштан ажыратпай
Балдары бир атанын биз дейликчи
Кыдыкты саяктардан бөлбөйлүчү
Кыйыры кең Ысык-Көлдү жердейликчи
Кыргыздын уруулары көп болсо да
Кылымдап биримдиктүү эл дейличи
Таласта кушчу саруу бир дейликчи
Таарынып так талашып жүрбөйлүкчү
Манасты таластык бөлүп албай
Маанисиз сүйлөгөндөй иргейликчи
Түбү бир түштүк элин колдойлукчу
Аркалык аты жаман болбойлучу
Кыргызды алты бөлүп ажыратпай
Араны ат салышпай оңдойлукчу
Жамандык атпай журтка жетпесинчи
Калыстык акимдерден кетпесинчи
Тандалып азаматтар элди бийлеп
Намысын ата журттун төкпөсүнчү.
Жардамды башка элдерден күтпөйлүкчү
Мээнеттен бактыбызды издейликчи
Кыргыз эл кыйындыкты жеңип келген
Аянбай кысталышта иштейликчи.
Пейилдик кыйшыктарын түздөйлүкчү
Пейилдик кыйшыктарын түздөйлүкчү
Адамдар пейилибизди оңдойлукчу

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *