Датасы: 03.10.2020
Формат: mp3

Ошол кеч эсте калды күзүңдөгү,
Көргөндөн үмүтүм эч үзүлбөдү.
Жүрөктү жүзгө бөлүп кетти окшойт,
Жылдыздай уячалар жүзүңдөгү.
Кайырма:
Сен мага ушунчалык жагасың да,
Көктөгү жылдыздардай жанасың да
Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө,
Жүрөктө арман болуп каласың да.
Жүргөндө жадап турмуш бардыгынан,
Таберик болдуң окшойт тагдырымдан.
Ээрчишип аалам кезип кетким келди,
Аргасыз калдым жердин тардыгынан.
Маңдайга ушундайды жазган окшойт,
Көздөрүң күлүп турса сезим козгойт.
Экөөбүз баратабыз эки жолдо,
А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *