Кымызың сенин бал беле, жеңе?
Тилимде даамы алиге, жеңе.
Кылт этсем кызыл нур кирди өңгө,
Өчпөстөй эчен жыл өтсө деле.
Кымызга, жеңе, бал коштуң беле?
Татымы кетпейт таңдайдан дале.
Тамылжып жүзүм, өзүмө окшоп,
Өңдөнө түштүм татканда эле.
Кымызың, жеңе, кыйла жан мактап,
“Кандырды,”- дешип: “жайда чөп чапсак”.
Алыстан уккам даңкыңды, жеңе,
Жүрөккө бекем атыңды жаттап.
Дилбар Райымбекова — Бал кымыз тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 1355