Санаа деген үзбөйт тура сапарын,
Кээде жыргап кур кыялга батамын.
Чөлдө турган мөлтүрөгөн булактай,
Үмүтүмө балкып бара жатамын.
Кайырма:
Айтчы деги, күнөө кимде, мендеби же сендеби?
Чындык үчүн жашырбастан айт ачык.
Мезгил бизге бөгөт болуп неликтен,
Жашоодогу кубанычтан кемиткен?
Жароокерим, жалгыз гана сени ойлойм,
Кичине эле мен жашоодон зериксем.
Кайырма:
Жүрсөк дагы бак аралап бир басып,
Жүрө албадык колтукташып сырдашып.
Күнөө кимде, мендеби же сендеби,
Чындык үчүн жашырбастан айт ачык.
Дилбар Райымбекова — Айтчы деги тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 215