Элибизге мейман келсе,
Жайылат ак дасторкон.
Дүйүм тамак, шербет мейиз,
Дасторконго жык толгон.
Кыргыз пейили тоодой бийик,
Көлдөй терең, туптунук.
Колдо барын төгүп салып,
Аябагын достордон.
Кайырма:
Дасторконду кенен жайгын,
Күлкү болсун, ыр болсун.
Бабалардан мурас калып,
Келе жатат бул жосун.
Элге-жерге берсин бакыт,
Кут төгүлгөн береке.
Умай эне, Теңир ата,
Урпактарын колдосун.
Дасторкондун даамын сызып,
Көтөрөлү көңүлдү.
Ынтымагың болсун дайым,
Болсун элим өмүрлүү.
Намысыңды дасторкондой,
Кирсиз, таза сактагын.
Арам ойлуу адам келсе,
Тебелетпе төрүңдү.
Кайырма:
Канымжан Жаманбаева — Дасторкон тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 1038
Ырыныз менен балдарым уктайт