Күнүгө уктай албай толгономун,
Дайыма таттуу уйкумдан ойгономун.
Билбедим, айткылачы, замандаштар,
Дүйнөдө кандай сүйүү ак болорун.
Сагынып көрбөй калсам издей берем,
Өзүңө айланчыктап күндө келем.
Кантсем да мээрим чачып койбойсуң сен,
Айтчы өзүң, жароокерим, таш боор белең?
Сүйүү да эскиреби түсү карып?
Сүйүү да калат беле таштай катып?
Кечээки назик мүнөз, таттуу сүйүү,
Кетеби кайрылбастан тетир басып?
Акмарал Жоробаева — Сүйүү ишеними тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 590