Датасы: 14.10.2020
Формат: mp3

Апаке ырларыңды уккум келет
Уйкумдан жаным жыргап ишкер келет
Ысык -Көл долон менен ырдап койчу
Жүрөгүм толкундансын элеп -желеп

Апаке насаатыңды уккум келет
Урушсаң төпөштөсөң баары белек
Мен эбак кырктан ашып кетсем дагы
Кеңешиң акыл керек кубат берет

Апаке уккум келет уккум келет
Эрчитип акыл айтып жүр жетелеп
Тоо болуп тирек болуп апаң турса
Турмушта андан бөлөк эмне керек

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *