Датасы: 16.10.2020
Формат: mp3

Ааламга жөлөндүмбү?
Обого бөлөндүмбү?
Кыялым атырылды,
Түбөлүк жолунда.
Изимди калтыра албай,
Өзөккө айттыра албай.
Тымызын жөнөп кеттим,
Түбөлүк жолунда.
Сапарым уланууда,
Сезимим буралууда.
Жеткирбей капарыма,
Түбөлүк жолунда.
Ырайым этти бекен?
Алыска оюм кеткен.
Жылдыздын арасынан
Түбөлүк жолунда.
Узабай кайрылдымбы?
Жете албай кайрылдымбы?
Кайрылуу бар экен го,
Түбөлүк жолунда

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *