Дербиштей дүйнө кезип,
Көксөгөн жарым кылым.
Кыйырыңа көзүм жетпес,
Бакыттын даамы сендей.
Кайырма:
Илебиң эс тандырган,
Жүрөккө от жандырган.
Тирүүлүк баары сендей,
Жашоонун шаңы сендей,
Сүйүүнүн даамы сендей,
Баары сендей.
Тирүүлүк баары сендей,
Жашоонун шаңы сендей,
Сүйүүнүн даамы сендей,
Баары сендей.
Төрт мезгил карек салып,
Күн-түнү шыбырт тыңшаар.
Эзилип жол караган,
Күтүүнүн даамы сендей.
Кайырма:
Илебиң эс тандырган,
Жүрөккө от жандырган.
Тирүүлүк баары сендей,
Жашоонун шаңы сендей,
Сүйүүнүн даамы сендей,
Баары сендей.
Тирүүлүк баары сендей,
Жашоонун шаңы сендей,
Сүйүүнүн даамы сендей,
Баары сендей.
Гүлнара Калдарова — Баары сендей тексти
Датасы: 16.10.2020 Көрүүлөр: 318