Датасы: 10.09.2020
Формат: mp3

Ай нуру бизге төгүлдү,
Алтыным аччы көңүлдү.
Ардактап жүрүп өтөлү,
Алдыда турган өмүрдү.
Күн нуру бизге төгүлду,
Күмүшүм аччы көңүлдү
Гүлдөтүп жүрүп өтөлү,
Гүлгүндөй жапжаш өмүрдү.
Жалбырак учат дирилдей,
Жабыккан түрүн билдирет
Жашылдуу кезде жайнайлы,
Жашообуз канча ким билет.
Алыска кетем эл үчүн,
Айланып келем сен үчүн.
Ардактап ырдап жүрөгөр
Асылкеч курбум мен үчүн.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *