Азыр сен алыстасың, менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?
Табылып бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын маңдайына?
Кыйналып жүргөнүмдү сездиң бекен,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?
Сезимди сооротомун, унуттум деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.
Сайкал Садыбакасова — Сүйкүм элес тексти
Датасы: 16.10.2020 Көрүүлөр: 16052
Мен сизди суйом
Менда сени суйомун
Вы
Албетте мыкты Сайкал рахмаат
Ушул ырды улуу эже ырдайтко ошол эженин аты ким эле