Күн болуп күйүп, ай болуп турган жылмайып
Таң болуп атып, тагдырын сага ыйгарып
Байлыгым ошол, бакытым болсо болду деп
Сезими назик сен деген жанда эмне айып
Жолуңда баскан гүл болуп өскөн ыргалып
Ырахат берген ыр болуп бүтпөс ырдалып
Ырысым ошол үй-бүлөм аман болсо деп
Бактысын сага байлаган жанда эмне айып
Акырын басып алдыңан чыкса буралып
Ала-Тоо көрктүү айымдар бар го суйкайып
Акактай тунук, ак куудай назик ар дайым
Аздектеп алган асылкеч жанда эмне айып
Динара Акулова — Эмне айып тексти
Датасы: 16.10.2020 Көрүүлөр: 6983