Сагындырган назик, сыпаа мүнөзүң,
Көз алдымда турган окшойт сүрөтүң.
Көксөгөндө бир көрүнбөй көзүмө,
Сүйгөн жарым, кайсы жакта жүрөсүң? (2 жолу)

Алтын, күмүш зергерлер тагылат,
Ат байгеге табы келсе чабылат.
Адам деген жер бетинде сан жеткис,
Ар ким бирок өз сүйгөнүн сагынат. (2 жолу)

Күлүмсүрөп көпкө чейин ойлонуп,
Кез-кез айткан сөздөрүңдү сагындым.
Мен өзүмдү өлбөс өңдүү сезээрмин,
Эгерде сен жарымы болсоң жарымдын. (2 жолу

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *