Датасы: 17.10.2020
Формат: mp3

Бапестеп балын берген,
Балапан баскан кезден.
Айланам мээриңден, алтын апакем.
Суранам Теңиримден
Тең карып сени менен
Тиреги бүлөбүздүн, асыл атакем.
Чоңоюп эр жетсем да,
Бөбөктөй көрүп мени жаным апа
Дүйнө сулуу сени менен.
Кайырма:
Менин апакем, алтын апакем
Актаар бекем, ак сүтүңдү мен,
Менин апакем, алтын апакем,
Ааламдай кең ак пейилиңден.
Жүрөгүң картайбасын,
Аябайм тамчы каным
Күн болуп тийген жалын, алтын апакем.
Түн уйкуң бузсам дагы,
Бал сүтүң берип бактың
Бактылуу кылам сизди, алтын апакем.
Чоңоюп эр жетсем да,
Бөбөктөй көрүп мени, жаным апа
Дүйнө сулуу, сени менен.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *