Датасы: 17.10.2020
Формат: mp3

Аяз ата жолуң тосуп барайын,
Колундагы белек кабың алайын.
Бугуларга, аттарыңа чөп салып,
Кызыңдын да көңүл отун табайын.
Кайырма:
Аяз ата, кимге болоор кайната,
Куда болом деп канчалар күйбөгөн.
Кар болсо да жүрөгүндө оту бар,
Аяз кызды жигит жоктур сүйбөгөн.
Жайда күттүм сен эмнеге келбедиң?
Келбеген го ысык күндө тердегиң.
Кабарлашып туралы деп сурансам,
Дарегиңди, номериңди бербедиң.
Кайырма:
Жаңы жылда жылына бир көрүшүп,
Кое бербей калса дагы кол үшүп.
Жыл айланып келгичекти жаңы жыл,
Айла канча кала берем кол үзүп.
Кайырма:

Чыңгыз Мырзаев — Аяз кыз тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *