Канатындай куштардын каштарыңа мен,
Кундуз сымал капкара чачтарыңа мен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Күйүп барам махабаттын аптабына мен.
Кайырма:
Жазда жамгыр жаагандай ага жарашып,
Ашыгым, ай, боло көр сен да мага ашык.
Жазга окшогон жаштыктын көчөсү менен,
Келечекке баралы колду кармашып,
Бирге жанашып, калбай адашып.
Жүрөгүмдү эңсеткен сөздөрүңө мен,
Балбал жанган чырактай көздөрүңө мен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Жалгыз келем махабаттын өстөнүнө мен.
Кайырма:
Наристедей алпейим жүрөгүм менен,
Сүттөй аппак, таптаза тилегим менен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Сүйүп калсам мен эми күнөөлүү белем?
Кайырма:
Токтобек Асаналиев — Күнөөлүү белем? тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 7718
«Ага жарашып»-эмес,»Ага жанашып»
«Балбал»-эмес,»Балбыл»
«Алпейим»-эмес,»Алпейил»