Коногу келсе үйүнө,
Сыйлап алар, жигиттер.
Эгини бышса эгинин,
Жыйнап алар, жигиттер.
Кайырма:
Коргогон элди-жерди,
Сүйдүргөн селкилерди.
Элимдин, жеримдим
Сакчысы биздин жигиттер.
Жеңилин жерден алышса,
Оорун колдон алышат.
Жүрөгү от жалын жигиттер,
Өз теңин издеп табышат.
Кайырма:
Улууга урмат, кичүүгө
Ызатын кылган жигиттер,
Элине түшсө кыйын иш,
Кызматын кылган жигиттер.
Кайырма:
Азиза — Жигиттер тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 1948