Алоолонуп күйгөн жалынча,
Кучагымды жайып барынча.
Күн сыяктуу күтүп турам өзүңдү,
Кетпейм сага жолукмайынча.
Көздөрүңдөн алып сыйкыр жылуулук,
Кетпейм, кетпейм сага жолукмайынча.
Жыл күткөнүм жыл деп сезбестен,
Күтчү жерде турам кетпестен.
Сөзүң угуу майрамдардын майрамы,
Жаным биргем жаркын жан эркем.
Келечектин эртеңкиси табышмак,
Бул жашоонун бүтпөс ырахаты сен.
Мейли жамгыр суудай төгүлсө,
Мейли бороон уруп теминсе.
Жүрөгүңдөн укмуш, укмуш күү угуп,
Кетпейм, кетпейм көрүшмөйүнчө.
Көздөрүңдөн көрүп, көрүп өзүмдү,
Кетпейм сени менен көрүшмөйүнчө.
Кетпейм сүйүү сырын бөлүшмөйүнчө,
Кетпейм сени менен көрүшмөйүнчө.
Динара Жусаева — Кетпейм сага жолукмайынча тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 2356