Датасы: 21.10.2020
Формат: mp3

Нурак Абдырахманов — Ата мурасы: 2 комментарий

  1. Мен Комузчу эмесмин бирок бул күүнү угу жатып Атам менен тоо аралап жүргөн кезим, Атам менен улакка барган жерлер көз алдыма тартылды. Атамды Апамды эстеп ыйлап бугумду чыгардым.Бала кезде Жайлоодо даранын ичинде, ал жерге эч кандай Автотехника бара албайт. Апам казанга нан жаап чоокко калап бышырып берет эле. Балалык кез тез эле өтүп кетти. Негедир ушул күүнү үйрөнгүм келди бир аз комуз ойноп ырдайм, элдик ырларды. Бул комуз күү укмуш аткарылган . Нурак Абдрахмановго таазим этем.1985-86ж. болсо керек мен Бишкекте Филар-да 2-жылдык эстрадалык студияда окуган кезим. Анда сахнада мантировшик болуп да иштейт элем. Дайыма концерттерде көрүп калат элем, Нурак агай чоң футляры менен келет эле ал футлярда (чехолбу) дайыма 2 комуз болор эле,Нурак агай Комуздарын бирден күүлөп концертке даярданчуу.Мен Нурак агайды жакындан көрүп азда болсо сүйлөшүп калганыма сыймыктанам.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *