Ал күндөр жыргал түш эле,
Арзуудан бүткөн иш эле.
Сезимге ыйык гүл өнүп, гүл өнүп,
Сен деген көңүл түз эле.
Көксөгөн ойлор жыш эле,
Көкөлөп учкан куш эле.
Көргөнүм жалгыз сен болуп, сен болуп,
Көңүлдүн дарты ушу эле.
Күлгүн жаш сенсиз бай беле?
Күркүрөп аккан дайра эле.
Толукшуп турган ажарың, ажарың,
Тоо башын өпкөн ай беле?
Ал мезгил алтын кез эле,
Алтын кез өттү тез эле.
Унуткус күндөр эми жок, эми жок,
Ушундай беле бешене?
Кутман Жолдошев — Ушундай беле бешене? тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 1536