Датасы: 22.10.2020
Формат: mp3

Талантка элим көңүл бөл,
Талапкер жаштын көбүн көр.
Талпынып учкан ыр менен,
Тазарып турсун көңүлдөр.
Ыр майрам — салтанат,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.
Кайырма:
Кутмандуу ырчылар,
Кубулжуп турчулар.
Керемет көл күтөт,
Келгиле курчуңар.
Жылдызы жылдын деп,
Эл күтөт бул ким деп.
Алгандар мөрөйдү,
Аталсын булбул деп.
Жарышат мукам көп үндөр,
Жадымда калсын бул күндөр.
Жалындап күйгөн ыр менен,
Жашарып алсын өмүрлөр.
Ынтымак аркалап,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.
Кайырма:
Тымызын көлгө кылчайып,
Тыңдасын дүйнө тынч алып.
Тосолу таңды ыр менен,
Тоолордон бийик үн салып.
Ук, дүйнө, кайталап,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *