Сүйүү кандай керемет күч, касиет!
Сүйгөн сайын сүйгүң келет канча ирет.
Сен жаралган ушул күнгө ырахмат,
Сен жашаган бул дүйнөгө каниет.
Кайырма:
Таптым сени, ажайып кооз күн көрдүм,
Сен болбосоң кызыгы не дүйнөнүн?
Аалам толо сүйүү бердиң сен мага,
А мен сага кучак толо гүл бердим.
Таңда көрсөм, күн батканча сагынам,
Ай жаңырса, амандыгың жалынам.
Сени менен Жер айланып жаткансыйт,
Сүйдүм сени баш айланып баарынан.
Кайырма:
Бала күттүк, бакыт таптык, ташылдык,
Сени менен сендик болуп кошулдум.
Бийик болсун биздин ыйык махабат,
Куттуу болсун сен төрөлгөн ушул күн.
Кайырма:
Салима Балтаева — Туулган күн тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 712