Кайда эми биз эңсеген бакыт жолу?
Кайда эми ошондогу ашык болуу?
Жүрөктөн кетпейт экен көп элестер,
Жүргөн кез узатышып, басып чогуу.
Кайда эми кереметтүү сүйүү деген?
Суу беле жерге сиңип билинбеген?
Бир көргөн кымбат күндөр кайрылбады,
Бир гана үмүт калды түңүлбөгөн.
Кайда эми таттуу кыял, асыл санаа?
Биз жүргөн кызгалдактуу жашыл талаа.
Билгизбей ортобузду жылдар бөлдү,
Бир көргөн тааныштаймын азыр сага.
Кайдасың, азыр мени ойлойсуңбу?
Какшанып жүргөнүмдү торгой сындуу.
Билинбей сага арнаган ырларыма,
Бир жолу көз жүгүртүп койбойсуңбу?
Абидин Темиров — Ойлойсуңбу? тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 295