Кубанышып апалар, жалпы аялзат
Күндөгүдөн жүздөрүндө бугүн күлкү-шат
Гүлдестенин мыктысын тандап терейин,
Белек кылып бул ырымды ырдап берейин.
Бүгүн марттын сегизи, уккуң энеке,
Майрамыңда ырдабастан турам эмнеге.
Селкилерге ырдайынчы сага карындаш
Эжелереге, сүйгөн жарга, сизге жеңеке
Батына албай энелер бүгүн кубанып,
Кучагында гүлдөр толло ырлар уланып.
Аялзаты соолубасын, болсун ар дайым,
Бүгүн мен да ырым менен тилек айтайын.
Кайырма:
Наристеге каалоо айтам, жаткан бешикте,
Толкунданып, сүрдөнөмүн белек беришке.
Баарыбызды адам кылып, төрөп өстүргөн,
Оо, энелер чыкса деймин баары бейишке.
Гүлжигит Сатыбеков — 8-март тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 18258
Соонун ыр