Кыргызстан — эч көөнөрбөс махабатым,
Кумарым таркабаган ырахатым.
Ардактап, ата-энемдей сезип келем,
Ар жылы сууң ичип, тузуң таттым.
Кыргызстан, балалыгым, бешигимсиң,
Кыргызстан, таалай, ырыс- кешигимсиң.
Тарбия-таалим берип, ак жол каалап,
Эмгекке мени узаткан ата- энемсиң.
Акыңды актоо үчүн эмгектенем,
Албан иш жаратууга илим менен.
Күркүрөп өнүп-өсүп, гүлдөп, жайна,
Дүйнө эли сыймыктансын сени менен.
Кыргызстан сыймыктансын сени менен,
Кыргызым сыймыктансын сени менен.
Райкан Абдувалиева — Кыргызстаным тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 135