Биз жолуктук, билбейм, качан, үмүтүм,
Бийлеп алдың жүрөгүмдү сен бүтүн.
Бир жолу эмес,
Тагдырга миң, таалайыма ырахмат.
Бизди кошкон ошол бейпил, ошол айлуу
Ошол сулуу түн үчүн.
Мен өмүрдө далай жолу ыйладым,
Мээрим издеп, өзүмдү-өзүм кыйнадым.
Жолукканда ошол күнү,
Эң биринчи жолукканда өзүңө.
Көңүл дегдеп, көлкүлдөдүм, толкундадым,
Жүрөгүмө сыйбадым.
Ошондогу сулуулугу, эй, дүйнөнүн!
Мен Жер шаарын бүт айланып жүргөнмүн.
Кайырма:
Билбесем да бар экенин,
Бул дүйнөдө ак сүйүү.
Качандыр бир,
Мен өзүңө эрте-кечтир,
Жолугарым билгенмин.
Саламат Садыкова — Жолугарым билгенмин тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 1052