Датасы: 25.10.2020
Формат: mp3

Бир мен үчүн арналса да жүрөгүң,
Бирок бар го үйдө күткөн түгөйүм.
Бакыт кушуң адаштыбы, чүрөгүм?
Боло албаймын сенин эңсеп күткөнүң.
Кайырма:
Жалгыздыктын гүлүн жеңе албасам,
Сагынганда издеп келе албасаң.
Эмне кылам сени көрө албасам?
Жубайымды сен деп кече албасам.
Кандай кылам, күтсөң баралбасам?
Таңкы жылдыз күтүп туралбаса.
Сезилбестен күндөр өттү арадан,
Биз жолуктук байкоосуздан, кайрадан.
Махабаттан сүйүү сезим арнагам,
Гүлүң берип ыйлап кайттың сахнадан.
Кайырма:
Жалгыздыктын гүлүн жеңе албасам,
Сагынганда издеп келе албасаң.
Эмне кылам сени көрө албасам?
Жубайымды сен деп кече албасам.
Кандай кылам, күтсөң баралбасам?
Таңкы жылдыз күтүп туралбаса.

ЖАШ КЫЯЛ тобу — Жубайым тексти: 3 комментарий

  1. Жаш кыял тобунун жубайым ырынын текстин кайра карап чыгууңуздарды өтүнүп кетемин.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *