Датасы: 05.11.2020
Формат: mp3

Биле албайм, өңүм бекен, түшүм бекен,
Бото көз, шыңгыр күлкүңдү эстей берем.
Бактылуу, биз жолуккан ал күндөрдө,
Жомоктой сезим менен жашап келем.
Кайырма:
Күлкүң – таңдын атканы,
Жылмайганың – түндүн ак шамы.
Сени ойлоп, сени сагынып,
Сүйө албайм сенден башканы.
Ажарың жарык нурдан жаралгандай,
Алтын нур бир өзүңдөн таралгандай.
Сезилет сен бар үчүн аалам жарык,
Сезилет сен бар үчүн мен да бардай.
Кайырма:

Один комментарий к “Алмаз Адамалиев — Сүйүү дастаны тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *