Тушаган сезимге багынып,
Тумардай жүрөккө тагынып.
Жүзүмө күлкүңдү жашырып,
Жүрөмүн өзүңдү сагынып.
Өмүрдүн бактысы өзүңдө,
Сүйүүнүн ачкычы көзүңдө.
Берметтей алдыңа чачылып,
Ишенгин, жаным, сен сөзүмө.
Кайырма:
Периштем, жамалың жайнаган,
Жаныңдан кете албай байланам.
Жолугуп, жаңы эле узатсам,
Жолуксам деп эңсеймин кайрадан.
Жүрөктүн эңсеген себебин,
Сурасаң мен гана билемин.
Суусаткан сезимдин кыйноосун,
Сүйүүмдүн күчүнөн жеңемин.
Кайырма:
Периштем, гүл болуп мен сунулам,
Периштем, ыр болуп мен угулам.
Бактыма мен ыраазы болоюн,
Периштем, төгүлчү нуруңан.
Кайырма:
Ислам Акматов — Периштем тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 1704