Жаз гүлүндөй жаан жааса билинбеген,
Жалбырактай жел жүрсө дирилдеген.
Таң каларлык жан экенсиң, табышмактуу,
Тайыздыгың сыртыңдан эч билинбеген.
Булут сымал бир конуп-көчүп турган,
Шам чырактай бир жанып-өчүп турган.
Ага албаган шаркырап бир нук менен,
Арыктагы суу белең сен ар ким бурган?
Ишенипмин бал тамган сөздөрүңө,
Ирмеп-ирмеп жаш тамган көздөрүңө.
Ичим күйүп, ийиктей имерилем,
Ийип кеттиң башкага сен көз көрүнө.
Кетип калдың башкага сен,
Көз көрүнө…
Гүлнур Асанова — Бир адамга тексти
Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 633