Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Ал мезгил менин эсимде,
Али да турат сезимде.
Ар дайым күтүп барчумун,
Алтынчы күнү кечинде.
Сүйүү оту жанса көзүңдө,
Сүйүнүч турчу өзүмдө.
Сабактан бошоп сырдаштык,
Алтынчы күнү кечинде.
Чырдашпай келип чечимге,
Чыгарбай сырды эч кимге.
Аттестат алдың, сөз бердиң,
Анда да алтынчы күнү кечинде.
Эртелеп барсам бешимде,
Экзамен бүткөн мезгилде.
Ашыкпа дедиң, той болот,
Анда да алтынчы күнү кечинде.

Один комментарий к “Дилшат Кангелдиева — Алтынчы күнү кечинде тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *