Бирде суук, бирде ысык,
Өмүрүң учат сызып.
Бул жашоо деги бизге,
Эмнеси менен кызык?
Өкүнбөгөн адам барбы?
Кубансаң да арты кайгы.
Бар байлыгың бул жашоодо,
Ал — артыңда туяк калды.
Кайырма:
Сүйүү оту жана берсин,
Өзүңө окшош бала берсин.
Сүйүшкөндөр түбөлүккө,
Ушул бойдон кала берсин.
Жетпесең тилегиңе,
Жетпесең сүйгөнүңө.
Бул жашоо деги бизге,
Кереги бар эмне?
Сүйүшпөгөн адам барбы?
Сүйүп калган кандай жакшы?
Үзүлбөгөн үмүт менен,
Күтсөң ошол жашоо вальсы.
Кайырма:
Султан Садыралиев — Сүйүү оту (New version) тексти
Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 2203