Ак сүйүү жанып турат көздөрүңдөн
Неге тартынасың мынча түшүнбөйм
Кыйнабастан сөзгө өзүм тарсам окшойт
Анда ук сөзүм айтар көңүлүмдөн
Ак жүзүң арбап турат көздөрүңдөн
Бал ширин тамып турат сөздөрүңдөн
Ай болуп жылдыз санап көктө турам
Аярлап жытын самап
Кайырма:
Кана сен көргөзчү сүйүүңдү
Жалгыз сага бурайын көңүлдү
Жашырба сен тартынбагын эми
Жөн эле ай болойун сеники
Сүрдөнүп тартынгандын кереги жок
Мен дагы ыр жазбаймын себеби жок
Жактырып көңүлүң чындап болсо
Сүйүүдөн коркуунун кереги жок