Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Айкөл белең ак атчан?
Алып учат канатчан.
Күтүп келем күүгүмдө,
Күлкүң менен таңды аткам.
Бактым белең жаралган,
Балбылдагым, маралдай?
Багынамын мен ай, ай…
Жомогуңда жолугам,
Жоодар көздүү, боз улан.
Жолдорубуз жоогазын,
Жоготуудан чочулайм.
Түшүмдөгү боз улан,
Түйшүгүмсүз тосулган.
Түгөнөмүн мен…
Кайырма:
Так алдында бийлеп берем сага,
Тамшандыра сүйлөп берем жага.
Таңыбызды тамчылардай тунук,
Каалап келген тилектерим таза.
Сагынамын, айта албайм,
Сансыз ирет кайталайм.
Сага деген ак кептер,
Саргаят го, жете албай.
Кымбатымсың, берекем,
Кыя албаган көлөкөм.
Көңүлүмдө сен ай, ай…
Кубанычым кубалап,
Куса менен кур калам.
Кум ойногон тараза,
Куру белең убара.
Махабатым арзыган,
Маңдайыма жазылган.
Магдыраймын мен…
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *